Turmush — Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишенбеков, Сузак районунун прокурору Таалай Айбашев, Сузак РИИБдин башчысы Мухтарбек Токтогулов, район акиминин биринчи орун басары Барчынбек Жантороев Сузак районундагы Н.Алыкулов атындагы орто мектепте 5 мектептин 10-11-класстын окуучулары менен жолугушту.
Маалым болгондой, «Кылмыш 1 мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат» деген жолугушууда адегенде ата-эне менен балдардын ортосундагы үй-бүлөлүк мамиледеги абал Н.Алыкулов мектебинин окуучулары тарабынан сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле кылмыштуулукка барып, темир тор артында олтурган балдардын өкүнүүсү, адашуулары, кылмышка барбоо чакырыктары, ата-энелеринин көз жашы камтылган видеороликтер көрсөтүлдү. Укук коргоо орган кызматкерлери кыскача тасмалар аларга сабак болушу керектигин белгилеп, балдарды кылмыштуулуктан оолак болууга чакырышты.
Облус прокурору окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун арты өлүм менен аяктаган окуяларды мисал келтирип, балдарды бөлүнбөөгө, өзүнөн кичине класстын балдарын басынтпоо керектигин айтып, балдарды эркин баарлашууга чакырды.
«Мына сахналык көрүнүштө кичине кыз «ата-энемдин телефону болоюнчу, мага көңүл бөлүшсүнчү» деп жатат. Абдан таасирдүү болду. Бул баарыбызды, айрыкча ата-энелерди ойлонтушу керек.
Ал эми балдар бүгүн биз эркин баарлашабыз, бизге болгон сурооңорду тартынбай бергиле, мындагы жетекчилердин баары жооп беришет. Биз силерди коргойбуз, колдойбуз, пикириңерди угабыз. Биз силерге келдик. Эмнеге кызыгасыңар, силерди эмне ойлондуруп атат? Жакшы көргөн кесибиңер, жакшы көргөн спорттук оюнуңарды айткыла. Тартиптүү болуп олтуруп кетели дебегиле. Баарыбыз ушул залда сүйлөшөлү», - деди ал.
Ошондой эле ал, балдардан прокуратура, милиция, аким, айыл өкмөт башчылык кызматтар боюнча өз тушүнүктөрүн сурады. Окуучулар эркин баарлашууга активдүү катышып, ар кандай суроолорду беришти.
«Кылмыштуулукка каршы күрөшүп жатасыздар, эмнеге анда кылмыштуулук токтобой жатат?» деген да суроо туштү. Облус прокурору кылмыштуулук азайып жатканын, кылмыштуулукту таптакыр жок кылып жиберүү мүмкүн эместигин, өнүккөн өлкөлөрдө да кылмыштуулук бар экенин айтты.
Балдар эрте никеге туруу, дарыканалык баңгилик боюнча билген маалыматтарын айтып беришти. Кыздар тараптан ата-эне тараптан жакшы сөз болбогондуктан, сырттагы эркектин сөзүнө бат алданып калышарын, кыздар жакындарынын көңүл бурууларына муктаждыгын айтышты.
Окуучулар мектептерге кошумча спорттук ийримдерди киргизүүнү, химия, биология сабактарында колдонуучу каражаттар жоктугу, алар практикалык көрүүгө кызыгышаарын айтышса, бири мектепке психолог керектигин айтты. Балдар ооруп калса карай турчу медицина кызматкери да болуу керектигин айтышты. Антикинолорду жабууну, анткени ал жерге мектеп окуучулары да бара турганын айтышты.
Жыйынтыгында активдүү катышкан окуучуларга облустук, райондук прокуратура тарабынан баалуу белектер тапшырылды.