Turmush — Бүгүн, 3-апрелде Манас районунда «Ар бир элдин келечеги анын улуттук тамырында, ал эми бийиктиги алган билими менен руханий дүйнөсүндө» фестивалы уюштурулду.
Маалым болгондой, иш-чара улуттар арасындагы ынтымакты, биримдикти жана социалдык ырашкерликти бекем орнотуу максатында уюштурулду. Анда райондогу бала бакчалар, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган ар улуттун тамак-аштарынан көргөзмөсү уюштурулуп, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары тарабынан ар улуттун улуттук кийимдери, бийлери, ырлары даңазаланды. Саамалыктын райондун жетекчилиги да катышты.