Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында таштандыны белгиленбеген жерге ыргытып кеткен эки жигит изделип жатат.
Алардын жоругу видеокамерага түшүп калган. Андан эки жигит таштандыны таштанды челектин аймагына ыргытып жатканын көрүүгө болот.
Кант шаардык мэриясынын маалыматына караганда, окуя 2026-жылдын 19-мартында саат 16:30 чамаларында болгон.
«Шаарда мыйзам бузуу фактысы катталды: белгисиз жарандар таштандыны белгиленбеген жерге таштаган. Бул аракет көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузуу болуп саналат жана административдик жоопкерчиликке, айып пулга алып келет. Аймак көзөмөлдө, видеокөзөмөл бар. Тартип бузуучунун өздүгү аныкталууда», - деп айтылат маалыматта.