Turmush — Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ошондой эле шаар тургундары жана коноктор катышты.
Майрамдын алкагында улуттук оюндар — ордо, тогуз коргоол, аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер уюштурулду. Жеңүүчүлөр Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан тышкары концерттик программа тартууланып, сахналык көрсөтүүлөр, ыр-бийлер менен коштолду. Ошондой эле көргөзмө уюштурулду.
Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловдун айтымында, Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарага 1000ге жакын маданият өкүлү катышты. Алардын арасында 400 ыктыярчы, 100гө жакын профессионал бийчилер, театр артисттери жана оркестр жамааты бар.
«2026-жылдагы Нооруз майрамын Ош шаарынын борбордук аянтында белгилеп жатабыз. Концерттик программа 4 бөлүктөн турат. Анда жаздын келиши, эгин-тегин темасы, Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" чыгармасынан үзүндү, ошондой эле 7 мамлекеттин улуттук бийлери көрсөтүлөт. Жыйынтыгында Нооруз майрамын жана шаардын жетишкендиктерин даңазалоо менен концертти жыйынтыктайбыз», - деди ал.
Майрамдык жасалгалоого шаардык бюджеттен 1 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.