Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Алия Тахиржанова менен Александр Зарубин. Алия Тахиржанова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жолдошу менен кантип таанышып, кантип баш кошуп калышканын айтып берди.
Каарманыбыз 2007-жылы 18-январда Чүй облусунда туулган. Анын айтымында, балалыгы Бостери айылында өттү.
«Учурда жолдошум менен Россиянын Москва шаарында жашайм. Москвада жеке буюрутма аркылуу кийим тигүү менен алектенем. Ошондой эле азыркы учурда дизайнер-модельер кесибин үйрөнүп, окуп жатам.
Турмушка 18 жашымда чыктым. Жолдошумдун өзүнүн тигүү өндүрүшү бар. Биздин таанышуу абдан кызыктуу болгон. 2023-жылы кышында апам экөөбүз тигүүчүлүк боюнча жумуш издеп жүргөндө жолдошум берген кулактандырууну көрүп калдык. Ошентип маектешүүгө барганда экөөбүз ошол жерден таанышып калганбыз. Бир аз убакыт тааныш болуп жүргөндөн кийин 2024-жылдын жайына жакын ал мага өзүнүн сүйүүсүн билдирди. Бирок ал кезде мен дароо макул болгон жокмун. Себеби ал мусулман эмес эле. Ошондо ал "мен мусулман болуп, сени алам" деп сөз берген.
2024-жылы 5-августта ислам динин кабыл алганын айтты. Ошол күндөн тартып экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Албетте, туугандарыбыздын айрымдары каршы болушту. Айрыкча апам башында тынчсызданды. Бирок убакыт өтүп, апамдын батасын алдык. 2025-жылы 10-октябрда мечиттен нике кыйдырдык. Ал эми 16-октябрда той өткөрдүк. Биздин той толугу менен кыргыз салтында өттү», - деди ал.
Жолдошу Александр Зарубин 1992-жылы 14-июлда Россиянын Пермь крайындагы Соликамск шаарында төрөлгөн.
«Менин айрым туугандарым "орус, менталитет башка, эл эмне дейт?" деп катуу каршы болушкан. Ал эми жолдошумдун ата-энеси тескерисинче колдоо көрсөтүштү. "Бул сенин жашооң, сенин тандооң. Биз сага бакыт каалайбыз" деп жакшы кабыл алышты. Турмушка чыккандан кийин жаңы жашоого бат эле көнүп кеттим. Анткени жолдошум мага абдан камкор. Тойдон кийин анын ата-энеси бир жума биз менен болуп, андан кийин "өзүңөрчө жашагыла, биз силерге тоскоол болбойбуз" деп кетишкен.
Экөөбүздүн ортобузда кызыктуу жана күлкүлүү учурлар көп болот. Юмор сезимибиз абдан окшош. Көчөдө көп адамдар бизди көрүп, "экөөңөр эки башка улуттансыңарбы" деп таң калып сураган учурлар да болот.
Жолдошумдун үй-бүлөсү кыргыз салттарын жакшы билбегендиктен, чоң каада-салттар болгон жок. Бирок апама чоң орус жоолугун, сиңдиме орус куурчагын белек кылышты. Той негизинен кыргыз салты боюнча өттү.
Албетте, жашоодо кыйынчылыктар да болду. Башында тил маселесинен улам түшүнбөстүктөр чыгып калчу. Жолдошум орусча сүйлөйт, мен болсо кээде толук түшүнө албай калчумун. Бирок баарын жеңип, жашообузду улантып келебиз.
Учурда чоң жетишкендиктерим боло элек. Бирок жакында, 24-февралда окуумда өзүмдүн кийим коллекциямдын эскиздери боюнча алдын ала коргоо жасадым», - деди ал.
Жубайлардын бирге түтүн булататып жатканына 4 ай 24 күн болду.
«Бош убактымда үйдөгү же кошуналардын бузулган кийимдерин оңдоп, тигүү менен алектенем. Келечектеги эң чоң максаттарым — өзүмдүн жеке кийим брендимди ачуу жана апа болуу. Азырынча балабыз жок, бирок жакында ата-эне болобуз деген үмүттөбүз», - деди ал.