Turmush — Жумгал районунун борборундагы Чынара Дүйшеева атындагы жана Байзак айылындагы Солто Рысманбетов атындагы балдардын искусство мектептеринин актердук чеберчилик классынын окуучулары алгачкы спектаклин тартуулашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, алар президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жарлыгына алайык, драматург Гүласал Алиеванын «Күтүү» драмасын коюшту.
Спектаклге Аяна Кеңешова, Мээрим Каныбекова, Сезим Коргонбаева, Элеонора Майрамбекова жана маданияттын мыкты кызматкери, К.Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрынын актрисасы Сайкал Токтогуловалар катышты. Ал эми койгон режиссеру, актердук чеберчилик классынын мугалими Арзыбек Аскарбек уулу болду.
Спектаклге келген ата-энелер көздөрүнө жаш алып, коомдо үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күч алышы жана көпчүлүк ата-эненин миграция агымынын айынан, алардын балдарынын камкордугу, тарбия алуусу кандай өңүттө жүрүп жатканы эске алынып, мындай иш-чаралар көбүрөк болушун белгилешти.
Ал эми спектакль аткаруучулар менен коюуучунун бул актерлук чеберчилик классынын алгачкы сахнага чыгуусу болсо «Күтүү» драмасын коомго алып чыгуу азыркы учурдун талабы болгон. Залга толгон эл, окуучулардын балдар үйүндөгү жашоо турмушу, баштарынан өткөн тагдыры, ыйы-күлкүсү аралаш кейиштүү абалдарын шыкактануу менен көрүп отурушту.