Turmush — «Жалал-Абад» санаториясына 2024-жылы жалпы 12 миң 819 эс алуучу келип, 142 миллион 302 миң сом киреше табышты. Бул тууралуу кечээ, 27-февралда мекеменин жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды.
Маалым болгондой, түшкөн каражаттын 128 миллион 483 миң сому жолдомолорду сатуудан түшсө, кошумча киреше бөлүгү 13 миллион 819 миң сомду түзгөн. Биринчи жолу бул жылы санатория башка жылдардан айырмаланып, жолдомолорду түз сатуу жолу менен киреше таба алды. Буга чейинки Кыргызстан профсоюздар федерециясы тарабынан бөлүнчү каражат быйыл толугу менен токтотулгандыктан, санатория өзү кардарлар менен түз иш алып баруу жолу аркылуу кирешеге чыккан. Буга чейин түшкөн каражаттын 40 пайызы жолдомолор аркылуу келчү. Жолдомолорго мораторийдин киргизилүүсү мекеменин бюджетине таасир берген эмес.
Жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйынга Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Курорттук жана санатордук туристтик дирекциянын мүдүрүнүн орун басары Бакай Марат уулу, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, «Жалал-Абад» санаториясынын жетекчиси Рамис Каимов жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.
Анда жыл жыйынтыгында аткарылган жумуштар жана быйылкы жылга коюлган пландар талкууланды. Бакай Марат уулу санаторияны 2027-жылга эл аралык деңгээлге жеткирүүгө план түзүлүп жатканын, колдоолор боло турганын белгиледи. Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков «Жалал-Абад» курорту шаардыктар үчүн жакшы жай экендигин, калаа тургундары, эс алуучулар үчүн түнкү жарыктандыруу колго алынганын, тротуардын салынуусу ден соолугун чыңдагысы келгендер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болгонун, таң эрте же кечкисин атайын баскандар арбыганын айтып өттү.
Ал эми санаториянын жетекчиси Рамис Каимовдун айтымында, пландалган бюджетти өздөрү толтурду. Түз иштешүүгө болгон күч-аракеттер жумшалып, өздүк каражаттан бир катар курулуштар жүрдү.
«Эгемендик алган жылдан бери былтыркы жылы биринчи жолу өзүбүздүн каражаттын эсебинен 40 орундан турган 2 коттеджди ишке бердик. Бири 2023-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилип, 2024-жылдын январь айынан эс алуучуларды кабыл алып баштадык. Экинчи №9 корпустун курулушу башталып, толук бүткөрүлдү. Буга мекеменин жеке каражатынан 13 миллион сомдон ашуун каражат жумшалды. Азыр ошол эки корпуста эс алуучулардын саны үзүлө элек. Заман талабына жараша жана чет жактагы туристтерди тартып келүү үчүн A-frame тибиндеги үйлөр да курулду.
2024-жылы 6 дана A-frame тибиндеги үйлөрдүн курулушу башталып, анын төртөө толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул үчүн 4 миллион 857 миң 835 сом каражат жумшалды. Коммуникациясын кошо эсептегенде ар бир A-frameдин баасы 1 миллион 214 миң сомго бүткөрүлдү. Дарылоо корпусунан гана эмес, жөнөкөй эс алуучуларды тейлеп да кошумча кирешеге чыгуунун аракети болуп жатат. Жакында ачык типте олимпиадалык бассейнди пайдаланууга беребиз. Минералдык суу менен кадимки колдонулган сууну аралаштырып, бассейнге толтурабыз. Ден соолугун да чыңдап, эс алышат дагы.
VIP корпус курууну пландап жатабыз. Эч кандай кезек күтүү болбойт, ашканасы, баары камтылган жай болот. Россиядан, Өзбекстандан келген туристтерге ыңгайлашат. Бул азыркы баалардан бир аз кымбат болот. Адегенде 16 адамга ылайыкташтырып салып көрөлү деп жатабыз. Бул жылы да көптөгөн курулуштардын жылы болот. Былтыркы жылы да кызматкерлердин маянасын көтөргөнбүз. Быйылкы жылдын 1-февраль айынан тарта кызматкерлердин маянасы дагы 27 пайызга көтөрүлдү», - деди Каимов.
Баяндамада белгилүү болгондой, былтыркы жылы түшкөн жалпы кирешеден бир жылда санатория 118 миллион 589 миң 100 сом чыгаша жасаган. Мунун ичинен кызматкерлердин айлык акысына 48 миллион 832 миң 500 сом жумшалса, социалдык төлөмдөргө 4 миллион 713 миң 500 сом, эс алуучулар үчүн бөлүнүүчү тамак-аш азыктарына 36 миллион 477 миң 500 сом коротулган. Дарылануучулар үчүн дары-дармектерге 820 миң 800 сом акча керектелген. Андан сырткары чарбалык керектөөлөр, электр энергия төлөмдөрү, транспорттук чыгымдар сыяктуу жагдайларга жумшалган.
Курулуш иштеринде корпус куруудан сырткары рентген бөлмөсү капиталдык оңдоодон өтүп, дарыгерлер үчүн бөлмөлөр жасалгаланган. Дарылоо бөлүмүндөгү айнек терезелери алмаштырылды. Ашкананын тамак даярдоочу жана идиш-аяк жуучу жайлары оңдолуп, электр жабдыктар менен камсыздалды. Дарылоо корпусунун коридорлору жана тепкичтери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле электрондук шлагбаум орнотулган, ага кеткен акча каражат 1 миллион 117 миң 330 сомду түзөт. Корпустардагы оңдоо иштери, түнкү жарыктандыруу боюнча жалпы маалымат берилди.
Ал эми санаториядагы медицина кызматкерлеринен башка мекемелердин кызматкерлери ар кандай окуулардан акысыз өтүп келишери, бирок мекеменин кызматкерлери кирбей калганын айтышты. Бишкектен келген өкүлгө бул жердеги медицина кызматкерлерин да акысыз окууларга жөнөтүүгө шарт түзүп берүүнү өтүнүштү.
«Жалал-Абад» санаториясы балчык менен дарылоо жана жер астынан чыккан ысык минералдык суулары менен таанымал. Ашказан жараларын дарылоодо эффективдүү. Дары-дармек пайдаланылбаганы менен башка медициналык жайлардан өзгөчөлөнүп турат. Буга байланыштуу Орто-Азияда теңдеши жок санатория аталып келет.