Turmush — Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Абдукодир Абдушүкүров жүзүм бактан 100 миң сомго жакын киреше таап жатат. Ал көчөттөрдү Өзбекстан жана Кавказдан алып келип тиккен. Жаш багбан менен аймактык кабарчы таанышты.
Анын айтымында, ушул тапта анын короосунда жүзүмдүн онго жакын сорту бар.
«10 жыл мурда атам экөөбүз үйүбүздүн короосундагы 3 сотых аянтка жүзүм эккенбиз. Аларды кошуна Өзбекстан Республикасынан жана Кавказдан алып келгенбиз. Мында жалпы жүзүмдүн 10 сорту бар. Ризамат, хусайне, чилиги, преображение, ливия, киш-миш жана чёрный мерс сортундагы жүзүм өстүрөм. Негизи жүзүм абдан назик келет. Күз мезгилинде сөзсүз дарагын кулатып, аны чөп менен ороп, андан соң жерге көмөбүз. Ал эми жаз келгенде казып алып, кайра бийикке көтөрүп, ар кандай ооруларга чалдыкпашы үчүн алдын ала дарылап туруу зарыл. Негизи бул өсүмдүк эккенден кийин 3 жылда түшүм берет. Бирок алгачкы жылдары пландагандай түшүм ала албайсыз. Себеби жаш көчөт аз мөмө берет. 5 жылда түшүмдүүлүк сиз күткөндөй болот. Быйыл биздин бакта түшүмдүүлүк мол болду. Азыркы тапта 1 кг жүзүмдү 100 сомдон сатып жатам. Бул жылы 100 миң сомдон ашык каражат табууну пландап жатам», - дейт ал.
Абдукадирдин багында жүзүмдөн сырткары анар жана анжир көчөттөрү бар. Ал үйүнүн короосундагы бакты «Фазенда» деп атап койгон. Бул француз тилинен которулуп, үй четиндеги бак деген маанини берет. Каарманыбыз акыркы жылдары бактын аталышынан социалдык тармактарда баракчаларды ачып, ал жактан да өз кардарларын таап, соода-сатык кылып жатканын айтты.
«Багбанчылыкты толук колго алганга чейин туризм тармагында иштечүмүн. Ар кандай турларды уюштуруп, кээде чет элдик меймандарды өлкөбүздүн кооз жерлерине алып барып, тааныштырып, гид кызматын көрсөтчүмүн.
2020-жылы дүйнө жүзүн коронавирус илдети каптаган учурда биздин жумуш да токтоп, үйдө отуруп, онлайн иштөөгө өттүм. Ошол кезде атама бакты кароодо жардам берип жүрүп, Инстаграм баракчама бакка кам көрүп жатабыз деп маалымат киргизгенде көпчүлүк жазып, кеңеш сурап баштады. Кийинчерээк көчөлөрдү, короолорду, вирустарга каршы дезинфекциялаганымды киргиздим. Анда да кеңеш сурашты. Кийинчерээк айрымдары "үйгө келип, бактарды кыркып, дарылап берчи" деп суранып, ошол менен онлай кызмат көрсөтүүнү жолго койдум.
Кардарлар кааласа интернет аркылуу жүзүм же анжирге буюрутма берип, кааласа өзү колу менен бактан терип алат. Алдыңкы күндөрү анарлар жапырт бышат. Бул мезгилде да бизнести өркүндөтөм деген планым бар. Алдыда бактын аянтын кеңейтүү максатым бар», -деди ал.
Жаш багбан жүзүм багын көбөйтүп, жергиликтүү базарды мөмө-жемиштер менен камсыздаса болорун айтат. Анын айтымында, ошондо баа туруктуу болуп, өндүрүштүк мекемелер да ишке кирет.
Абдукодир Абдушүкүров 4 бир туугандын кенжеси.