Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда жалпы 13 айыл өкмөтү бар. Алардын жылдык бюджети канча сом экенин аймактык кабарчы сураштырды.
- Маалымат айыл өкмөттөрдөн алынды. 13 айыл өкмөттүн ичинен Чаек айыл өкмөтү менен Байзак айыл өкмөтү дотациядан чыгышкан.
- Бул 13 айыл өкмөттүн 1 жылдык бюджети 137 млн 24 миң сом болсо, 2022-жылы жалпы 146 млн 555 миң сомду түзгөн.
Дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн бюджети башка айыл өкмөттөргө караганда бир кыйла жогору. Мисалы, быйыл Байзак айыл өкмөтүнүн бюджети 24 млн 589 миң сомду, ал эми Чаек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджети 31 млн 746 миң сомду түзгөн. Бул айыл өкмөттөрдөн кийин эле бюджетинин көлөмү боюнча Миң-Куш айыл өкмөтү (дотациядан чыга элек) турат.
Толук макаланы катталуу менен окуй аласыз.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.