Turmush — Аксы районунда 7-октябрдагы (парламенттик шайлоодон кийин) баш аламандыкта каза болгон ишкер Улан Жаманкуловдун жакындары маркумдун өлүмүнө шектүү катары кармалган 3 жаранды тең Жалал-Абад шаардык соту камактан бошотуп жибергенин билдиришти.
Алардын айтымында, мамлекеттик айыптоочулар соттон биринчисине 16, экинчисине 14, үчүнчүсүнө 8 жылдык жаза берүүнү сурагандыктан алар акыйкаттуулук болоруна ишенип жатышкан. Бирок шаардык сот үчөөнү тең камактан чыгарган. Мындан улам алар өлкө башчысы С.Жапаровго, УКМКнын жетекчиси К.Ташиевге АКИпресс-Жалал-Абад маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында кайрылуу жасашты.
Маркумдун жакындары күбөлөргө кысымдар болуп жатканын да белгилешти.
Сот башталгандан бери отурумдарга жабырлануучу катары жалгыз гана маркумдун жубайы Нурбү Аргенбаева кирип жатат. Жалал-Абад шаардык соту 16-августта чечим кабыл алган күнү да өзү катышкан.
«Негизи сотторго бир гана мени катыштырып жатышат. Бир тууган инилерин, кайненемди киргизген жок. 16-август күнү да сотко мен жана 3 айыпталуучу гана катышты. Сот чечими өтө тез окулду да, шашылыш чыгып кетишти. Мен чыгарылган чечимдин бирине да түшүнбөй кала бердим. Ошол залдан «кандай болду?» деп сурасам, «катчыдан тактап аласыз» деп койду. Түшүнүп-түшүнбөй, жактоочубузга байланыштым. Ал үчөө камактан чыгарылганын айтканда билдик.
Ошол октябрдагы окуяны, жолдошумдун ур-токмокко кабылганын күбөлөр айтып жатат. Аудиожазуу, видеого түшкөн материалдар турат. Биз болгон далилдерди карматтык. Мыйзам чегинде жазасын алсын деп какшап жатып кала бердик. Болбогон шылтоо менен чыгарып коюшту. Бир адам өлүп жатат. Адам өлүмүнө бир адам мыйзам алдында жок дегенде 7-8 жыл камалбайт деген эмне деген шумдук? Коррупция болгону даана эле билинип турат», - деди жубайы.
Маркумдун бир тууган иниси Нуралы Абдумомуновдун айтымында, ишти УКМК тергеп, сотко өткөрүп берди.
«6 том менен тергөө жүрдү. Ошол окуяга катыштыгы бар делген орган адамына прокурор 16 жылдык жаза сураган. Себеби, күч органында иштеген адам үчүн аларга жоопкерчилик эки эсе бийик турат экен. Ш.К. аттуу жарандын аудиожазуусу текшерилип, уюштурулганы далилденген. Ага 14 жыл, үчүнчүсү Ш.Ж.га 8 жыл суралган. Бири да камалбай, чыгып кетип жатышат. Бул жөн гана мушташ эмес, биздин агабыз өлүп, кан жутуп отурабыз. УКМКнын тергөөсүнө ушунчалык каршы чыккан соттун чыгарган өкүмүнө түшүнө албай жатабыз. Оор берене менен иш козголуп, анан акырын чыгып кетчү жагдай болгон эмес. Ошондуктан өлкө башчыдан биздин агабыздын өлүмүнө тиешелүүлөр жазасын алышына көңүл бөлүүнү суранабыз. Соттордун адилетсиз чечимдеринен кезегинде башчыбыз да жапа чеккен. Акыйкаттык издеген, бизди түшүнөт деп үмүт артабыз. Соттун кабыл алган чечими боюнча юридикалык баа берилиши керек. Андай болбосо бизде мыйзамдуулук орнобойт», - деди ал.
Ошондой эле ал агасынын кунун төлөп берүү үчүн шектүүлөр тарабынан 100 миң доллар сунушталганын, алар мыйзам чегинде жооп бериши керектигин айтышканын белгиледи.
«Аксы районуна караштуу Кум айылында агамды ур-токмокко алгандардын жакындары жыйналыптыр. Айылда билесиңер, тааныштык деген болот. Мени чакырышты, дин тармагында иштеген бир адам да бар экен. Дин өкүлү аларга “шариатта эгерде күнөөнү мойнуңарга алсаңар, маркумдун куну тууралуу сүйлөшсө болот” деди. Тигил тарап күнөөнү мойнуна алып, кунун төлөп берели дешти. Буга күбөлөр да бар. Мен: “Агамдын куну тууралуу сөз ачпагыла. Мыйзам алдында жооп беришиңер керек” деп чыгып кете бердим. 100 миң доллар сунушташты, алган жокпуз. Албетте, айтылган акчаны беришкен жок. «Кундун акчасын силер албасаңар, анда сотторго бериш керек болот» дешкен. Алар айтканындай эле кадам жасашкан го. Эгер мыйзамдуулук болсо, адам өлүмүнө шектүүлөр камактан чыгарылмак эмес. Биз ушундай күмөндө болуп жатабыз. Биз бири да жазасын өтөбөй чыгып кеткени үчүн коррупция роль ойноду деп ойлойбуз. Анан кантип ойлошубуз керек? Агамды урганын көргөндөр келип айтып жатат. Сотторго дагы кандай далилдер керек? Мамлекеттик айыпталуучулар да 16-14 жылды жөн жеринен сурабагандыр», - дейт Н.Абдумомунов.
Маркумдун апасы Айзуура Кочкорова эне катары сотторго нааразычылыгы күч экенин айтып, адилеттүү болууга чакырды.
«Мен жакшынакай уулумду жоготтум. Баланы жоготуу кандай оор экенин ошол актаган адам билер бекен? Мен бул сотко нааразымын, өтө катуу нааразымын. Баламдын каза болгонуна 6 ай болду. Ошондон бери уулумдун өмүрүн уулагандар жазалансын деп чырылдап жатабыз. Эгер унаа кырсык болсо да түшүнсөң болот. Булар уулумду даана эле токмоктоп, ошонун айынан өзүнө келбей өлдү. 4 баласы атасыз калды. «Колуңардан эмне келди?» дегенсип жүрүшсө жүрөгүн өрттөнөт. Жазасын алышсын», - дейт ал.
Туугандары Улан Жаманкулов Кербен шаарынын тынчтыгы, стабилдүүлүгү үчүн ыктыярчы катары чыкканын, мурунку район акими тынчтыкты сактоо үчүн ишкерлерден да чыгууну суранганынан барганын айтып келишет.
Маркум Улан Жаманкулов 40 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. Улуусу 13 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта.
Соттун чечими:
Жалал-Абад шаардык сотунун 2021-жылдын 16-августундагы өкүмү менен айыпталуучу Ш.К.Б. Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2-пунктары (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыштын курамы болбогондуктан акталган.
Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (Ээнбаштык) менен күнөөлүү деп табылган. Анын негизинде 4 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Ага карата Жазык кодексинин 83-беренесин колдонуу менен 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулган.
Айыпталуучу Ш.Т.Ж. Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (Ээнбаштык) менен күнөөлүү деп табылган. Анын негизинде 3 жана 4 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.
Жазык кодексинин 78-беренесинин негизинде жазаларды жарым-жартылай бириктирүү менен биротоло 4 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.
Ага карата Жазык кодексинин 83-беренесин колдонуу менен 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулган.
Айыпталуучулар Ш.К.Б. жана Ш.Т.Ж. карата бөгөт коюу чарасы катары тандалган камакка алуу түрү өзгөртүлүп, сот залынан бошотулган. Бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй-камагы тандалган. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алынып салынсын делинген.
Айыпталуучу Ш.Ж.А. Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (Ээнбаштык) менен күнөөлүү деп табылган. Анын негизинде 2 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.
Жазык кодексинин 83-беренесин колдонуу менен 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулган.
Айыпталуучу Ш.Ж.А. бөгөт коюу чарасы катары тандалып алынган үй-камак түрүү өзгөртүүсүз калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден баштап алынып салынсын делинген.
Биринчи инстанция сотунун өкүмүнө карата жабырлануучу тарап апелляциялык тартипте Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бирок бүгүнкү күндө аталган жазык иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө түшө элек.