Turmush — Араван районунда акыркы эки ай ичинде базарлар иретке келтирилип, жол тыгындары акырындап азаюуда. Бул тууралуу Араван райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Араван районунун жаңы дайындалган акими Сейтек Кулубаевдин демилгеси менен жана ал тарабынан жарыяланган буйруктун алкагында бир катар иш-аракеттер жүрүүдө. Атап айтканда, райондун бардык айылдарында социалдык объектилер: коомдук имараттар, көчөлөр, тротуарлар, сейил бактар, гүл бакчалар, ички сугат арыктар, ичүүчү суу объектилер жана башка инфратүзүмдөрдү оңдоп-түзөп, калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө.
Жол боюндагы мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөр алынып, соодагерлерге жаңы орундар талапка ылайык даярдалып жайгаштырылууда.
Буга чейин райондун борборундагы базардын айланасында жайма соода жүргүзгөн соодагерлерге тийиштүү кызматтардан түзүлгөн атайын комиссия түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аларды тийиштүү жерлерге көчүрүү боюнча иш алып барышкан. Аны менен бирге Аравандын борборундагы тротуарлар жана жол жээктери асфальтталып, жаңылап куруу иштери жүрүүдө.
«Базарлардын айланасындагы жайма соода, унаа тыгындарды иретке келтирүү иштери жөнгө салынууда. Көчөнү жана тротуарларды ээлеген жайма соода жүргүзгөн түйүндөр иретке келтирилип, андагы соодагерлерге атайын орундар түзүлүп көчүрүлүүдө. Жол тыгынын болтурбоо үчүн бүгүнкү күндө унаа токтотуучу жайлар уюштурулууда. Буга чейин жол боюн ээлеген унаалардын токтошуна тыюу салынып, атайын уюштурулган унаа токтоочу жайларга койдуруп жатабыз. Жакынкы күндөрү жол белгилерин жаңылап, жол чырактарды коюу боюнча аракеттер көрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Айылдарда жергиликтүү бюджеттен каражат каралып, ички жолдорду асфальттоо иштери жүрүп жатат.
«Көчөлөр иретке келтирилип, жол боюндагы көрнөк-жарнактарды жаңыртып жатабыз. Мурдагыдай болбой, көрнөк-жарнактар темирге жазылып, көп жылга сапатын жоготпогондой жасалат. Ошону менен катар жергиликтүү тургундардын ичүүчү сууга болгон муктаждыктары да акырындык менен жоюлуп жатат. Бир катар айыл өкмөттөрдө таза сууну жеткирүү боюнча долбоорлор түзүлүп, иш жүзүнө ашыруу аракеттер жүргүзүлө баштады. Район эли эмгекчил келип, өздөрү жашылданырууну колго алып жатышат. Биз элге көрктөндүрүү боюнча багыт гана берип жатабыз», - деп билдиришти акимчиликтен.
Араван элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенет. Жаз алды менен жергиликтүүлөр талаа жумуштары менен алектенишет. Район акими ар бир айыл өкмөткө барып, айыл эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн жеринен угуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берүүдө.
«Суугат суу маселелери да айрым аймактарда тартыш болуп, убагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, муктаждыкты жоюу аракетин көрүүдөбүз. Жол, бала бакча, мектеп, жарыктандыруу маселелери да жолугушууларда айтылып, учурда айыл өкмөт башчылары бул багытта иштерди аткарып жатышат. Эл менен бийлик ортосунда тыгыз байланыш болуп, жашоочулар үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүгө болгон аракеттер жүрүүдө», - деп кошумчалады аталган түзүмдөн.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мурунку акими Сейтек Кулубев 2021-жылы 25-майда президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде Араван районунун акими болуп дайындалган.