Turmush —
Кечээ, 7-апрелде Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында «Ыр майрам» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кош-Дөбө айылындагы Амангелди Шеримбеков атындагы маданият үйүнүн директору Акылай Токтосунованын айтымында, «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» программасынын алкагында февраль айынан бери айыл аймактын мекеме-ишканалары арасында «Ыр майрам» сынагы өткөрүлүп келе жаткан.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орунду медицина кызматкерлери багындырып, диплом жана 25 миң сом,
- 2-орунду бала бакча кызматкерлери ээлеп, диплом жана 20 миң сом,
- 3-орунду маданият кызматкерлери камсыздап, диплом жана 15 миң сом менен сыйланды.
Мындан тышкары, сынакка жигердүү катышыкандарга кызыктыруучу сыйлыктар берилди.