Turmush — Ош шаардык соту Ноокат районунда пара алуу боюнча айыпталган тергөөчүнүн ишин карап чыкты.
Айыпталуучу Алкынбек (аты өзгөртүлдү С.А.Ш.) Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Ноокат РИИБдин тергөөчүсү. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттары (мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн ири өлчөмдө пара алуу) менен айып тагылып, 2025-жылдын 23-ноябрынан тарта камакта.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Алкынбек 2025-жылдын 6-ноябрында Ноокат районунда 2007-жылдын 30-декабрында туулган, жашы жете элек кыздын төрөшү боюнча материалды иликтей баштаган. Милицияга кыздын төрөтү боюнча маалымат ооруканадан түшкөн. Аталган текшерүүнүн алкагында Алкынбек ал кыздын жолдошу Полотбайга (аты өзгөртүлдү А.П.Д.) карата текшерүү жүргүзгөн. Аны менен катар мыйзамсыз процессуалдык чечим кабыл алууга шарт түзгөн аракеттерге барган. Тактап айтканда көрсөтмөлөрдүн мазмунун өзгөртүү менен жаңы сурак протоколун түзгөн.
Алкынбек 2025-жылдын 20-21-ноябрь күндөрү Оштун башка районундагы милициянын инспектору Жапарали (аты өзгөртүлдү М.Ж.А.) менен формалдуу эмес байланыш учурунда текшерүү материалдарын кызыкдар тараптын пайдасына акчалай сый акы үчүн чечүүгө макулдугун билдирген. Алкынбек акчаны түздөн-түз эмес, ортомчу Жапарали аркылуу алууга макул болуп, анын өлчөмүн 300 миң сом деп белгилеген.
2025-жылдын 22-ноябрында саат 14:15 чамасында Ноокаттагы жолдо Алкынбек өзүнүн унаасында инспектор Жапаралиден паранын жарымы 150 миң сом акчаны алган. Бул акчаны кыздын күйөөсү Полотбай даярдап берген. Алкынбек акчанын калган бөлүгүн текшерүү боюнча акыркы процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин алууга макул болгон. Бирок ал ошол эле күнү Ноокат РИИБдин имаратынын кире беришинде кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда анын кара түстөгү булгары күрмөсүнүн сол ички чөнтөгүнөн 150 миң сом өлчөмүндөгү акча табылган.
УКМК буга чейин 2025-жылдын ноябрь айында Ошто милиция кызматкерлери акча опузалоого шектелип кармалганын кабарлаган. Анда М.Ж.А. жана С.А.Ш. аттуу кызматкерлер 300 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылган.
«Араван РИИБдин инспектору, милициянын подполковниги М.Ж.А. Ноокат РИИБдин тергөөчүсү, милициянын майору С.А.Ш. менен биргеликте тергөөгө чейинки текшерүү иштери боюнча оң чечим чыгарууга жардам берүү үчүн жарандан 300 миң сом талап кылышканы аныкталган. Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылган маалыматта.
Тергөө органдары тарабынан ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттары (мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн ири өлчөмдө пара алуу) менен айып тагылган.
Айыпталуучу Алкынбектин өтүнүчү канааттандырылып, 2026-жылдын 12-февралында прокурордун, өзүнүн жактоочусунун катышуусунда күнѳѳсүн мойнуна алуу жѳнүндѳгү келишим түзүлгөн. Түзүлгөн макулдашууга ылайык, айыпталуучу өзүнө алган милдеттерин так аткарса, ага Кылмыш-жаза Кодексинин 79-беренесинин (күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) талаптарын колдонуу менен 1 жылдык мѳѳнѳткѳ эркиндигинен ажыратуу жазасы колдонулары көрсөтүлгөн.
Соттук отурумда айыпталуучу Алкынбек күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп, күнөөнү моюнга алуу жөнүндөгү келишимге ылайык, жеңил жаза белгилеп берүүнү суранды. Күнөөнү мойнуна алуу келишимин түзүү боюнча өтүнүчтү жактоочусу менен кеңешкенден кийин өз эрки менен бергенин билдирди.
Анын жактоочусу да Алкынбек күнөөсүн моюнга алуу келишимин өз эрки менен түзгөнүн билдирип, ага карата келишимде белгиленген 1 жылдык мѳѳнѳткѳ эркиндигинен ажыратуу жазасын берүүнү өтүндү.
Прокурор болсо айыпталуучу Алкынбек тарабынан күнөөнү моюнга алуу боюнча макулдашуунун талаптары толук аткарылгандыгын билдирип, аны угузулган айыбы боюнча күнөөлү деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин (күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) талаптарын сактоо менен жаза дайындоону суранды.
Ош шаардык сотунун өкүмү:
Ош шаардык соту 2026-жылдын 24-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Алкынбекти Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттары (мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн ири өлчөмдө пара алуу) менен күнөөлүү деп тапты. Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренсинин (күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) негизинде, мүлкүн кофискациялоо менен мамлекетик кызмат орундардарын ээлөө укугунан ажыратылып, 1 жылга камалды. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт. Жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылдын 23-ноябрынан баштап эсептелинет. Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.