Turmush — Нарын облусунун Нарын районунда «Социалдык контракт» программасынын алкагында 150 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы өттү.
Жалпы Нарын районунан 41 жаранга сертификаттар берилди. Сертификаттарды район жетекчилиги тапшырып, бул программа жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жаңы иш баштоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Сертификат алган жарандар мал чарбачылык, чакан ишкердик, тигүүчүлүк, үй шартында кондитердик азыктарды даярдоо, канаттуулар чарбачылыгы, курулуш материалдарын ижарага берүү, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында иш алып барууну пландаштырууда.
Социалдык контракт деген эмне?
Социалдык контракт — бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Аз камсыздалган үй-бүлөнүн каалоосу боюнча социалдык өнүгүүнүн аймактык органдары менен өз ара милдеттенмелер тууралуу макулдашуу түзүп, жөлөк пулдун жылдык же жылдык суммасынан 75% алса болот. Бул каражат мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү же майда ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалса болот. Социалдык контрактка катышууну каалаган ар бир үй-бүлө социалдык адаптация программасын иштеп чыгып, аны социалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана көмөгү менен ишке ашырат.
Социалдык контракттын сунушталган стратегиясы республика жана Бишкек шаары («Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар) боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган.