Turmush — Талас облусунда 20-марттан 29-мартка чейинки аралыкта 27 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, «Бахус» рейдинин жүрүшүндө ар кандай жол эрежелерин бузган бардыгы 999 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Жалпы 92 унаа айып короолорго токтотулду.
- ылдамдыкты ашырып айдаган 140 айдоочу;
- жол белгилерине баш ийбеген 128 айдоочу;
- автоунааларды тиешелүү документтери жок башкарган 15 айдоочу;
- автоунаа айдоого укугу жок 30 айдоочу;
- терезесин караңгылап алып башкарган 1 айдоочу;
- башка айдоочулар менен жолдо жүрүү эрежелерин бузган 11 жөө жүргүнчү аныкталды.