Turmush — Туркбаев Каныбек Бактыбекович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн, 30-мартта жаңы дайындалган жетекчини шаардык мэриянын жамаатына шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов тааныштырды.
2026-жылдын 25-мартында Кара-Көл шаарынын мэринин буйругуна ылайык, мурдагы орун басар Манас Абдыкалыков өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Ал аталган кызматта 8 ай иштеп, шаардагы социалдык-экономикалык багыттагы иштерди жетектеген.
Учурда Кара-Көл шаарына мэр дайындала элек.
Turmush 2026-жылдын 26-мартында Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан кеткенин жазган. Ал өз каалоосу менен кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазган.
Кара-Көл шаары облустук маанидеги шаар болуп саналат. Мэрге байланыштуу кадрдык чечимдер президент тарабынан кабыл алынат.
26-мартта Кара-Көл шаардык мэриясында Нуртилек Орозбаевди узатышкан.
2024-жылдын 26-августунда Орозбаев Нуртилек Орозбаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалганы белгилүү болгон. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Н.Орозбаевге чейин мэрлик кызматты Таалайбек Конкобаев аркалап жаткан.