Turmush — Жогорку сот Жалал-Абад облустук сотунун мурдагы судьялары К.Э., У.М. жана М.К.га карата Ош шаардык сотунун өкүмүн жана Ош облустук сотунун апелляциялык чечимин күчүндө калтырды.
Алар шалаакылык үчүн күнөөлүү деп табылып, 75 миң сом айып пул салынды. Ош шаардык сотунун чечиминен кийин мурунку үч судья тең камактан бошотулган.
2024-жылдын 24-ноябрында ошол учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы кармалганын билдирген.
2024-жылдын 22-ноябрында Судьялар кеңеши башкы прокурордун Жалал-Абад облустук сотунун судьяларын жана мурдагы судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун караган.
Судьялар кеңеши Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 352-беренесинин 1-бөлүгүндө (сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн жогоруда көрсөтүлгөн судьяларды жана экс-судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган.
УКМК 2024-жылдын 23-ноябрында судьялар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин билдирген.
Сот актыларынын мамлекеттик реестрине жарыяланган иштин материалдары боюнча, 2020-жылдын 4-августунда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлү билдирүү менен кайрылып, анда Жалал-Абад шаарынын аймагында С. аттуу жаран баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактап жүргөндүгүн маалымдаган.
Бул факт боюнча 2020-жылдын 4-августунда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 268-беренесинин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш катталган.
Тергөө учурунда кылмыш иш боюнча жашыруун адамдын катышуусу менен атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүп, 2020-жылдын 8-августунда С. өзү менен баңгизат каражаттарын алып жүргөндүгү аныкталып, тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында С.нын көтөрүп жүргөн кара түстөгү сумкасынан кийимдери, 3 даана целлофанга салынган баңгизат каражаттарына окшош заттар алынган.
- Соттук-химиялык экспертизанын 2020-жылдын 9-августундагы корутундусуна ылайык, С.нын сумкасынан алынган 1 кг 810 гр жана 3,3 грамм каннабис чайыры (гашиш) жана 24,1 грамм опий баңгизат каражаттары экендиги аныкталган.
Тергөө мезгилинде С. изин жашырып качып кеткендигине байланыштуу, 2020-жылдын 11-августунда ага сырттан шектүү жөнүндө кабарлама берилип, 13-августта ага карата камак алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып, издөө жарыяланган.
2021-жылдын 24-майында шектүү С. издөөдө жүргөн жеринен кармалып, кылмыш иштин тергөөсү жандандырылып, 2021-жылдын 25-майында анын кылмыштуу аракети Жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен квалификацияланган. Ага ушул эле берене боюнча шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, 2021-жылдын 16-июлунда анын кылмыш иши боюнча айыптоо актысы бекитилип, кылмыш иш негизинен кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жиберилген.
Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдын 28-мартындагы өкүмү менен С. Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 267-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ушул эле кодекстин 78-беренесинин негизинде мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлө элек бөлүгүн жарым-жартылай кошуу менен биротоло 11 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Бул өкүмгө карата жактоочу тарабынан апелляциялык даттануу келтирилген.
2022-жылдын 13-майында кылмыш иш Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын өндүрүшүнө кабыл алынган. Соттолуучу С.нын атасы жактоочуга кайрылып, анын баласын камактан бошотуп берүүнү суранган. Жактоочу макул болуп, 850 000 сом алган.
Жактоочу кылмыш иштерге катышып жүрүп, судьяга С.нын жазасын жеңилдетип, жардам берүү үчүн ага акча каражатын сунуштаган. С.нын үй-бүлөсү бир аз кыйналып жаткандыктан, 500 000 сом акча каражатын бере тургандыгын билдирген учурда судья макул болгон.
Болжол менен өкүм кабыл алынгандан 1-2 күн өткөндөн кийин жактоочу судья менен телефон аркылуу байланышып, аны менен Жалал-Абад шаарынын Тоголок Молдо жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жолуккан. Ага 750 000 сом берип, 100 000 сомун өзүнө алып калган. Судья 750 000 сомду калган эки судья менен өз ара бөлүп алышкан [облустук соттун соттук коллегиясында 3 судья болот].
2022-жылдын 19-августунда алар тарабынан кабыл алынган өкүм менен Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү өзгөртүлгөн. С. Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 268-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазасынын өтөлө элек бөлүгүн жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Ошол эле күнү жактоочунун өкүмдүн аткарылышы мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө өтүнүчүн карап, аны канааттандыруу жана С.га карата кабыл алынган өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтү кийинкиге, башкача айтканда С.нын 2010-жылдын 14-мартында туулган уулу Х.И.С. 14 жашка чыкканга чейин жылдыруу жөнүндө аныктаманы кабыл алышкан.
С.нын бөгөт коюу чарасын өзгөртүшүп, сот залынан токтоосуз камактан бошотушкан. Натыйжада сот залынан камактан бошотулган С. изин жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Жогорку соттун 2022-жылдын 14-декабрындагы токтому менен Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 19-августундагы чечими жокко чыгарылып, Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдын 28-мартындагы өкүмү күчүндө калтырылган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Жалал-Абад облустук сотунун судьялары жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамдары болуп туруп, өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, сот адилеттигине каршы иштешкен. Алар соттолуучунун чет өлкөлүк паспорту бар экендигине, ага карата 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулганын, мурун соттолгонун эске алышкан эмес.
Жогорудагы көрсөтүлгөн жагдайлардын айынан азыркы учурга чейин С.нын жүргөн жери дайынсыз болуп, жазасын өтөбөй келет.
Ош шаардык соту 2025-жылдын 20-майда Жалал-Абад облустук сотунун мурунку судьяларына карата өкүм чыгарган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгү (судья (сот) билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүмдү, чечимди же башка соттук актыны чыгарышы) менен коюлган айып боюнча аракеттеринде кылмыштын курамы жок деп акталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү (шалаакылык) менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда 100 000 сом айып салынган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 80-беренесинин (жазаларды бириктирүү жана камакта кармоо убактысын кошуу эрежелери) 7-бөлүгүнүн негизинде дайындалган 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып 750 эсептик көрсөткүчкө чейин, тактап айтканда 75 000 сомго чейин азайтылган.
Аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан бошотулган.
Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы өкүмү менен Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 20-майындагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
Прокурор биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун соттук актыларын жокко чыгарып, кылмыш ишин биринчи инстанциядагы сотко башка курамда кайрадан кароого жиберүү жөнүндө пикирин билдирген.
Ал эми жактоочу соттолгондорду актап берүүнү сураган.
Жогорку соттун 2025-жылдын 3-декабрдагы токтому менен Ош шаардык сотунун жана Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмдөрү күчүндө калтырылды.
Прокурордун кассациялык сунушу, жактоочунун кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.
Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.