Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушунда иштеген чет өлкөлүк жарандарга жол эрежеси боюнча түшүнүктөр берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушуунун алкагында чет өлкөлүктөргө китепчелер да таратылды.
«Ушул тапта облус аймагында ири курулуштар жүрүп жатат. Анда кытайлык адистер жумуш алып барууда. Мындан улам алар да унаа башкарып, жол кыймылынын катышуучулары болгондуктан жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып бардык. Биз кыргыз жана орус тилинде жазылган китептерди бердик. Ал жердеги адистер китепти кытай тилине которуп, чет өлкөлүктөргө түшүндүрүп беришет», - деп айтылат маалыматта.
2025-жылы Тогуз-Торо районунда темир жолдун курулушунда эмгектенген куруучу жол-транспорт кырсыгына кабылып каза болгон.
------------------------------------------------------------
2024-жылдын 27-декабрында президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берген.
Иш-чара Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында өткөн.
«Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу» долбоору Евразиядагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык демилге. Бул темир жол коридору Кытайдан жакынкы Чыгышка жана Европага жүк ташууну тездетип, чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.
Торугарт—Арпа—Кош-Дөбө—Макмал—Жалал-Абад каттамы жүктөрдү жеткирүүнүн убактысын 7-8 күнгө, 900 чакырымга кыскартат. Темир жол Кыргызстандын аймагында жалпысынан 304,94 чакырымды түзөт. Анын ичинен жалпысынан 20 бекет, 42 даана көпүрө, 25 туннель куруу каралган.
Темир жолдун курулушу «Бир алкак — бир жол» долбоорунун демилгеси менен үч өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылууда. Жол Кашкардан (Синьцзян-Уйгур автономиялуу району) башталып, Кыргызстанга Торугарт ашуусу аркылуу кирип, андан кийин Жалал-Абад шаарына жетип, Андижан шаарында бүтөт.
2024-жылдын 28-сентябрында «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол» компаниясы» ЖЧКсынын расмий ачылышы болуп өткөн. Бул компания Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын темир жол администрациялары тарабынан долбоорду ВОТ (курулуш-эксплуатациялоо-өткөрүп берүү) модели боюнча ишке ашырылуусу каралган.
2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын имаратында, «Ынтымак ордодо» Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» темир жол компаниясы» ЖЧКнын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болуп өткөн.
Долбоор Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграциясын күчөтүп, Кыргызстандын эл аралык транспорттук чөйрөсүнө хаб катары өнүгүүсүнө салым кошоору айтылды.