Turmush — Нарын шаарында Нооруз майрамынын алкагында өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө орундарга жараша акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, «Мыкты кыргыз боз үйү» сынагына ички жана тышкы жасалгасы өзгөчө болгон беш боз үй тигилип, алардын ичинен мыктылары аныкталды.
Калыстар тобунун чечими менен биринчи орун Ат-Башы районуна ыйгарылып, 120 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Экинчи орунду Ак-Талаа районунан келген боз үй ээлеп, 90 миң сом сыйлыкка татыды. Ал эми үчүнчү орун Нарын шаарынын атынан тигилген боз үйгө ыйгарылып, 70 миң сом байге берилди.
Ошондой эле Кочкор, Жумгал жана Нарын районунан тигилген боз үйлөрдүн ар бирине 20 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.