Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Алдын ала маалыматка караганда, 2026-жылдын 18-мартында түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 347-чакырымында «Хонда Фит» жана «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
«Хендай Соната» унаасы Бишкекке карай кетип бара жаткан, «Хонда Фит» болсо Ош тарапка бара жаткан. «Хонда Фит» унаасында эки эркек жана эки аял киши болгон, алар Кара-Көл шаарынын тургундары.
Жол кырсыгынын натыйжасында эки адам (бир эркек жана бир аял) каза болуп, төрт адам жаракат алган.