Turmush — Аскат Талант уулу Манас шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Аскат Талант уулу төраганы шайлоонун экинчи турунда жалгыз талапкер болду. Ал 25 депутаттын колдоосу менен төрага болуп шайланды.
Бүгүн, 9-мартта өтүп жаткан шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жана депутаттардан турган туруктуу комиссия курамын бекитүү маселеси киргизилди.
Алгач төрагалык кызматка талапкер болгон Эмилбек Сатарбаев 16 добуш, Аскат Талант уулу 20 добуш алып, колдоо тапкан жок. Депутаттардын 1,5 сааттык танаписинен кийин кайрадан экинчи жолу Аскат Талант уулунун талапкерлиги көрсөтүлдү. Төраганы шайлоого шаардык кеңештин 41 депутатынын ичинен жалпы 35 депутат катышты.
Аскат Талант уулу 1993-жылдын 9-июлунда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылында төрөлгөн.
Билими жогорку. Кыргыз улуттук универиситетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Эмгек жолу:
- 2016-2019- жылдары — Жалал-Абад шаардык сотунун сот отурумунун катчысы;
- 2019-2025-жылдары — жактоочу-юрист;
- 2025-2026-жылдары — жеке нотариус;
- 2024-жылы «Эмгек» саясый партиясынан Манас шаарык кеңешинин Х чакырылышынын депутат болуп шайланган.
Бүгүн, 9-марттагы сессияда Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов кызматын тапшырды.
Шаардык кеңештин 2025-жылдын 3-сентябрындагы сессиясында төрагалык кызматка Нуртилек Болотовдун талапкерлиги каралып, депутаттар жашыруун добуш беришкен. Шайлоого 41 депутаттын ичинен 37 депутат катышып, баарынын колдоосу менен Болотов төрага болуп шайланган болчу.
Болотов ушул чакырылыштагы Манас шаардык кеңешинин экинчи спикери болуп калды. 2024-жылдын 28-ноябрында Жалал-Абад шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары сессияга чогулушкан. Аларга кызматтык күбөлүктөрү жана төш белгилери тапшырылган.
Шайланган 41 депутаттын 12си аялдар. Шаардык кеңештеги мандаттар үчүн 3 саясий партия ат салышкан. Алардын бардыгы 5%дык шайлоо босогосунан өткөн. Добуштардын жыйынтыгы төмөнкүчө бөлүнгөн:
- «Жаңы Кыргызстан» партиясы — 48,52% (20 мандат);
- «Адилет» партиясы — 40,67% (17 мандат);
- «Эмгек» партиясы — 9,67% (4 мандат).