Turmush — Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов кызматын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта шаардык кеңештин сессиясында белгилүү болду.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Нуртилек Болотов өз эрки менен кызматын тапшырып жатканын айтып, депутаттарга ыраазычылык билдирди.
Ал эми депуттар төрага депутаттарды бөлбөй, ынтымактуу иштешкендерин айтышты.
Учурда жыйындын күн тартибинде шаардык кеңештин төрагасын шайлоо каралып жатат. Фракциялар өз талапкерлерин сунуштоо үчүн 15 мүнөттүк танапис жарыялашты.
Шаардык кеңештин 2025-жылдын 3-сентябрындагы сессиясында төрагалык кызматка Нуртилек Болотовдун талапкерлиги каралып, депутаттар жашыруун добуш беришкен. Шайлоого 41 депутаттын ичинен 37 депутат катышып, баарынын колдоосу менен Болотов төрага болуп шайланган болчу.