Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл аймагындагы Бейшеке айылы 1930-жылга чейин Алтын-Арал деп аталчу. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган айылындагы №4 китепкананын директору Перизат Мукашева айтып берди.
«Бейшеке айылын 1930-жылга чейин Алтын-Арал деп аташчу экен. Кийин Бейшеке деп аталып калды. Бейшеке деген сѳз "бейиш экен", "бейиш турбайбы" деген маанини түшүндүрѳт. Колхоздошконго чейин 30-40 түтүн эл жашаган айыл Баяке баатырдын айылы деп аталган. 1929-1930-жылдары Бейшеке айыл чарба артели уюштурулуп, 1931-жылы Бейшеке атындагы колхоз болуп калды. Анын биринчи башкармалыгына Ачакей Боромбаев бир добуштан шайланган.
Адеп колхоз уюшулганда тѳрт ат соко, ѳгүз менен эки эгин чаба турган ат машина, бир мала таш болгон. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Ачакей Боромбаев жетектеген колхоз республикага таанымал чарбага айланып, ардак тактадан орун алган. Согушка жардам иретинде 100 миң сом акча жѳнѳтүп, Сталиндин ѳзүнѳн куттуктоо грамотасын алышкан. 1951-жылы жылкычы Тообай Кийизбаев жылкы чарбасын ѳстүрүүдѳгү сиңирген эмгеги үчүн "Социалисттик эмгекти баатыры" деген ардактуу наамга ээ болуп, "Ленин" ордени жана "Алтын жылдыз" медалы менен сыйланган», - деди Мукашева.
Айылдан чыккан белгилүүлөр:
- Тообай Кийизбаев — 1900-жылы Кыргыз ССРинин Кемин районундагы Бейшеке селосунда кедей-дыйкан үй-бүлѳсүндѳ туулган. Ал 1930-жылы Бейшеке колхозуна мүчѳ болуп кирет да, талаачылык бригаданын звеносуна башчылык кылат. 1940-жылы Бүткүл союздук айыл чарба кѳргѳзмѳсүнѳ катышуу укугуна ээ болот. 1941-1942-жылдары Тообай Кийзбаев Советтик армиянын катарында кызмат кылат.
1942-жылдан баштап жылкычы болуп иштейт. 1947-жылы ал 50 бээден 50 кулун алып, аларды жыл аягына чейин аман сактайт. Мурдагы жылдардагыдай эле 1948-жылы да ушундай эле ийгиликтерге жетишет. СССР Жогорку Советинин Президиуму 1948-жылы 15-сентябрдагы указ менен Тообай Кийизбаевге «Ленин» орденин, «Орок жана балка» алтын медалын тапшырып, «Социалисттик эмгектин баатыры» деген ардактуу наам берген. Кыргыз ССРинин үчүнчү шайланган Жогорку Советинин депутаты.
- Ачакей Боромбаев 1899-жылы Кичи-Кемин ѳрѳѳнүнүн Бейшеке айылында туулган. 1980-жылы 82 жашка караган курагында ошол эле айылда дүйнѳдѳн кайткан. 1929-жылдан баштап Бейшеке айыл чарба артелине башкарма болуп шайланат. А.Боромбаевдин жетекчилиги астында колхоз дүркүрѳп ѳскѳн, тѳл эсебинен малы кѳбѳйгѳн, таалачылыктан жыл сайын мол түшүм алынган. Элдин жашоо турмуш деңгээли жогорулаган. Клуб, мектеп имараттары курулган.
1940-жылы Бейшеке колхозу райондогу алдыңкы чарба аталып, республикалык ардак тактага илинген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Бейшеке колхозу согушка күлүк жылкыларды, этти, эгинди, жылуу кийимдерди кѳп жана Боромбаевдин ѳзү жүз миң сом акча жѳнѳткѳндүгү үчүн ага Сталиндин колу коюлган ыраазычылык кат келген.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында биринчи болуп Чүй cуусуна Бейшеке ГЭСин курдурган жана айылын электрлештирген. Ушул жетишкендиктери эске алынып,1946-жылы Ачакей Боромбаев башкарган чарба Сталин атындагы колхоз болуп аталган. Ачакей Боромбаев 10 балалуу болгон. Ал «Ленин», эки «Эмгек кызыл туу», «Эмгек даңкы» ордендери жана СССРдин кѳптѳгѳн медалдары менен сыйланган. Ысымы ѳзү жашаган кѳчѳгѳ коюлган.
- Каныбек Осмоналиев — кыргыз спортчусу, коомдук ишмер. Москва шаарындагы ѳткѳн 22-жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнѳнүнүн тѳрт жолку чемпиону болгон туңгуч кыргыз. Кесиби боюнча тарыхчы. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.
Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган. Спорт жана ѳмүр жолун 2013-жылы мындай эскерген:
«Мен Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнѳгѳ келип, балалыгым айыл жергесинде ѳттү. Эки жашымда атам каза болуп,эрте жетим калып, кичинемден кара жумушту кѳп жасап, чыйрак ѳстүм. Беш баланы эрезеге жеткирүү түйшүгү апам Жийдекандын мойнуна жүктѳлгѳн. Жашымдан эле спортко ынак ѳcүп, боюмдун кичинелигине карабай футбол, баскетболду жакшы ойночумун. Эркин күрѳш секциясына катышып, райондук мелдештерде байгелүү орундарды алып жүрчүмүн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп жүргѳндѳ да күрѳшкѳ барып жүргѳм.
Кийинчерээк штанга кѳтѳргѳнгѳ кызыктым. Менин бул спортко жѳндѳмдүүлүгүмдү байкап, оор атлетиканын cырын үйрѳтүп, чоң спорттун эшигин кенен ачкан устатым Семен Давыдович Иткин болгон. 1978-жылы АКШда ѳткѳн дүйнѳлүк чемпианатта алгач ирет дүйнѳ чемпиондугунун алтын медалын тагындым. Мындай ийгиликтерге жетишиме устатымдын, апамдын, келинчегимдин салымдары зор».
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлер:
Айыл боюнча 9 адам катышкан. Алтоо аман-эсен кайтып келген.
- Осмонов Абдарасул;
- Алымкулов Шамшидин;
- Жумагулов Кайыркул;
- Медербеков Акмат;
- Кочкорбаев Зайнидин;
- Макешов Кулуш.
Бейшеке айылыда тѳрт кѳчѳ бар: Ачакей Боромбаев көчөсү (Бейшеке колхозун уюштурган коомдук ишмер). Каныбек Осмоналиев көчөсү, Южна көчөсү жана Жаштык көчөсү.
Бейшеке айылында 1958-жылы китепкана уюшулган. 1958-1996-жылдар аралыгында Алмаке Арсымканова жана Кайыр Аванова эжелер үзүрлүү эмгектенип келишкен.
1996-жылдан баштап Суурабүбү Малабекова эмгектенип келе жатат. Бейшеке айылында 2016-жылдын 20-майынан бери айылдык китепканада «Айылдын кѳркү апалар» майрамдык жолугушуусу өткөрүлөт. Майрамдык жолугушуу апалардын басып ѳткѳн жолундагы кыйын жана кызыктуу күндѳрүнѳн баяндама угуу, айылдын тарыхын чагылдыруу, куттуктоолор менен ѳтѳт.
Бейшеке кыштагында 1922-жылы мектеп уюшулган. 1936-жылдан тартып бул мектеп 7 жылдык болгон. Бейшеке кыштагындагы жаш муундарга тарбия берүүнү кѳздѳп, айылдык жаш балдарды окууга тартуу максатында эң алгач Бейшеке кыштагында мектепти уюштуруучу Койгелдиев Алымкул болгон.
2003-жылы жаңы 11 жылдык Алымкул Койгелдиев атындагы мектеп бүтүп, пайданалууга берилген. Азыркы убакта 213 бала билим алат, 19 мугалим эмгектенет.
Бейшеке айылында эмкана 2003-жылга чейин эски имаратта иш жүргүзүп келген. Кѳп жылдан бери Улчай Ноорузбаева, Жамияла Кумакеева эмгектенишкен. Жаңы эмкана 2003-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы мезгилде фельдшер Нуржамал Мамытказиева үзүрлүү эмгектенип келет.
Айылдагы мечит 2008-жылы ишке берилген.