Turmush — Талас районунун Козучак айылынын 46 жаштагы тургуну Сүймөнкул Сооронбаев көп жылдардан бери тайган багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Сүймөнкул Сооронбаев мектепти аяктаган соң дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенип калган.
«Өзүмдүн атам мергенчи киши болгон. Анан алардын эң баалап бакканы — тайган болчу. Мал менен жүрүп, тайганды "акылдуу ит" деп, мал кайрытып үйрөтүп, алып жүрүшчү эле. Ошентип, мен дагы ушул итке кызыгып, 6-классымдан бери тайган бага баштадым.
Тайгандын өзгөчөлүгү — акыл-эстүү, сыпаа, мүнөзү сылык болот. Кичинекей кезинен бир колдо чоңойгон тайган өтө тил алчаак, акылдуу болуп өсөт. Тамакты да ашыкча жебейт — чуркаганга ылайыктап, ченеп гана жейт. Мисалы, тамакты куюп койсом, чуркап келе калып эле ичпейт. Үйгө кирип кеткен соң, анан келип ичет. Аларды өстүрүп жүрүп, табиятына таң калып бүтпөйм.
Учурда үйдө 4 тайганым бар. Атайын буларга эт, сөөк алып келип, ченеми менен берем. Тайгандарым көбүнчө күлүктүгү менен байге алып келишет.
Маркс деген тайганым жыл жыйынтыгы менен мыкты болуп, кубок алдык. Ошонун жаңы туулган эки күчүгүн 30 миң сомдон 60 миң сомго алып кетишти. Күрөң тайганым бар — күлүк. Аны жакында эле миң долларга сурап келишти, "сат" деп. Бирок абдан көнүп калыптырмын, саткан жокмун.
Жубайым экөөбүздүн 3 кыз, 1 уулубуз бар. Уулум дагы тайган бакканга кызыгат. Мен жок болгондо, өзү тамагын берип, машыктырып, жакшы карайт. Бул нерсе кыргыздын канында бар деп эсептейм. Ошондуктан, муундан муунга өтүп, кызыгуу барган сайын арта берет», - деди ал.