Turmush — Талас шаарынын 49 жаштагы тургуну Мурат Бейшекеев көп жылдан бери карышкырларды атып, аңчылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы мергенчи менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен бери мергенчилик кылып келет.
«Өзүмдүн 3 тайкем тең мергенчи болушкан. Аларды көрүп, ээрчип жүрүп, өздөштүрдүм. Мергенчилик өзү кыйын иш. Мергенчи болуш үчүн тактык, көк беттик, өжөрлүк керек. Ушул сапаттар болсо гана мергенчиликте жолуң болот. Карышкыр өтө сезгич жаныбар, үйүр менен жүрөт. Эң көп үйүрүндө 14төн жүрүшөт. Өздөрү 40-35 кг чыгат. Мен аткандан эң көлөмдүү карышкыр 70 кг болду. Булардын жашоосу стратегия менен чийилгендей. Мергенчиликке өздөрү чыкканда дагы өздөрүнүн аң уулаган жандыгына топ менен кол салышып, ага тирүү калууга мүмкүндүк беришпейт. Мисалы 4 карышкыр айдап берсе, башкалары жолдон кармап калышат. Майда бирок өтө сак суур, коёндорду дагы ошондой жол менен кармап жешет», - деди ал.
Каарманбызы буга катар эле карышкырлар фермерлер чоң чыгымдарды алып келерин айтты.
«Акыркы учурларда карышкырлар малга көп кол салып жатышат. Бул көп чыгымдарга алып келүүдө. Алар айласы кетип бизге кайрылышат. Быйыл эле Талды-Булак айылында топоз баккан киши карышкырлардын айынан 1 млн сомдон ашык чыгымга учурады. 10дон ашык баш топозду жеп кетишиптир. Дагы бир короодон 14 баш бодо малын жеп кетти.
Ал жерлерге барганда алгач эле колдон келсе биринчи карышкырдын дөбөтүн атабыз, анан ургаачысын атканга аракет кылабыз. Эгерде ургаачысын атсак сөзсүз 2 күндөп кайтарып жатып, эркеги келгенде атып калабыз. Эгер аны тирүү койсо, улам өч алып кол сала берет. Малга тийгенде бат барсаң, атып каласың, ал тойгончо изи менен кубалап жетебиз. Кеч барып калсак жетпей калабыз. Ошол үчүн алдын алып, ошол аймакта карышкыр жүрүп калса, өтө тез реакция керек», - деди ал.
Аңчы 4 уул, 1 кыздын атасы.