Turmush — Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутаттар келди. Аларга бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында төрага Нуртилек Орозбаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков мандат тапшырды.
Жаңы депутаттар — Согдиан Даминов менен Уларкан Бекешова «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан Жолдошев Айбек Дөөлөтбековичтин жана Кебекова Жаннатхан Батырбековнанын ордуна келди.
Буга чейин белгилүү болгондой, Айбек Жолдошев Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары кызматына дайындалган. Ал эми Жаннатхан Кебекова өз арызы менен мандатын тапшырган.
-
Даминов Согдиан Таджидинович 1989-жылы 7-декабрда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда туулган. Буга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.
-
Уларкан Бекешова 1975-жылы 1-майда Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунда туулган. Буга чейин башталгыч класстардын мугалими, мектеп директорунун орун басары болуп иштеген.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Новости на кыргызском языке в сети Х — подпишись!