Turmush — Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясында жаңы депутаттарды төрага Нуртилек Орозбаев тааныштырды.
Анын айтымында, «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Урмат Маматов, Мирлан Туманов жана Шерзат Мадумаров мандатын тапшырды. Алардын ордуна тизмедеги кезек боюнча Айбек Жолдошев, Наби Юлдашев жана Байгазы Эргешов келди.
Айбек Жолдошев буга чейин «Жалал-Абад-Тазалык» муниципиалдык мекемесинде жетекчи болуп иштечү. Ал кызматын тапшырып, мандат алды. Ал эми Наби Юлдашев «Жалал-Абад жашылдандыруу» чарбасында жетекчи болуп иштеп кеткен. Байгазы Эргешов буга чейин «Нур-Телеком» жоопкерчилиги чектелген коомунда эмгектенген.
Депутаттардын резюмесин Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.
АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек:
info@akipress.org
Уникальные видеоистории о жителях регионов Кыргызстана в Инстаграме
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.