Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.12.2014 18:03

Жалал-Абад шаарында телеберүү күнүнө карата шоу концерттик программа болуп өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-декабрь Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-декабрь — Телеберүү күнүнө карата шоу концерттик программа болуп өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Бул салтанат Жалал-Абад телерадиокомпаниясы тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чакырылып жана кыргыздын белгилүү таланттуу ырчы уул-кыздары келип майрамдык ыр белектерин тартуулады.

Областта үч телеканал жана эки Республикалык телеканалдын өкүлчүлүгү иш алып барышууда. Ал эми телеберүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жергиликтүү бийлик тарабынан 50 миң сом акча каражаты телеканалдардын жетекчилерине тапшырылды.

«Ошондой эле, Жалал-Абад шаар мэриясы тарабынан биз жашаган шаардын келечеги, анын тазалыгы жашыл жана көрктүү болуусу үчүн көрүп жаткан аракеттерин калкыбызга туура жеткирип, биз менен биргеликте кызматташ болуп келесиздер жана мындан ары да эриш-аркак иш алып барабыз деп ишенем», - деп билдирди шаар мэри С.Авазов.

unnamed

unnamed 2

 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×