Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2014 16:00

Алай аймактык ооруканасында ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жыйынтыкталды

Turmush -  Алай районундагы Талантбек Белекбаев жетектеген Алай аймактык ооруканасында 1-декабрь ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн бир айлыгы жыйынтыкталып, сынак өттү.

«Аруузат» командасы оорукананын хирургия профилинен турса, «Мээрим» командасы терапиялык жана «Улукман» командасы аталган оорукананын Сопу-Коргон аймагында жайгашкан филиалынан куралган команда болду.

Командалар саламдашуу, өздөрүнүн чыгармачылыгы менен жасаган санитардык баракчаларды жактоо, Ноль багытында инценировка, ВИЧ/СПИДди жуктурбоонун жолдорун ачык, туура чагылдырып берүүдөгү иш-аракеттеринен практикалык ар кандай номерлерди аткарышты.

Иш-чара ыр, күүлөр менен коштолду. Сынактын жыйынтыгында 1-орунга «Аруузат» тайпасы ээ болду.

Алай аймактык оорукананын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев иш-чарага активдүү катышкан ак халатчандарга ыраазычылык сөзүн айтып, белгиленген сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×