Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2014 12:53

Жалал-Абадда куурчак театры окуучуларга «Жалган жалаа таш жарат» аттуу жаңы спектаклин көрсөтүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облустун Барпы драм театрынын алдындагы куурчак театры Жалал-Абад шаарындагы мектептердин окуучуларына «Жалган жалаа таш жарат» аттуу жаңы спектаклин көрсөтүүдө. Бул тууралуу куурчак театрдын жетекчиси Чынара Чотурова билдирди.

Анын айтымында, орус жазуучусу М. Курязовдун кыргыз тилине которулуп көрсөтүлүп жаткан куурчак театрынын оюндарын 21-ноябрдан бери Жалал-Абад шаарындагы № 1-, № 7-, № 8- орто мектептердин окуучуларына Барпы театрынын залында тартууланды.

«3-декарда ал спектакль шаардагы № 2-орто мектептин окуучуларына көрсөтүлөт», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, куурчак театры былтыр ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×