Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.11.2014 16:33

Эмгек мигранттары өлкөдөн чыгуудан мурун жана кайтып келгенде ВИЧ илдетине текшерилүүгө тийиш, - дарыгер Э.Сатарова

Turmush -  Эмгек мигранттары өлкөдөн чыгуудан мурун жана кайтып келгенде ВИЧ илдетине текшерилүүгө тийиш. Бул тууралуу Жалал -Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Элмира Сатарова билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунан чет жакка жумушка кетип жаткандар кетээрдин алдында өздөрүн ВИЧ илдетине текшертип, дарыгердин консультациясынан өтүп, кайра келгенде дагы бир жолу ВИЧтен текшерүүдөн өтүп турса, өзүн жана өз үй-бүлөсү менен өз партнерлорун, жакындарын бул илдеттен сактаган болот.

Үй-бүлөсүнөн алыс болгон жарандар кооптуу журум-турумга барышып, бул дартты жуктуруп алып жатышат жана кайтып келгенде өздөрүнүн уй-булөсүнө, жубайларына жуктуруушуда. Кээ бирлери абдан ооруп, жумушка жараксыз болгон абалга жетип, кайра келүүгө мажбур болуп жатышат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жашаган кош бойлуу тогуз аялдан жана төрт жаш баладан ВИЧ илдети аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×