Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.11.2014 16:10

Жалал-Абад облусунда ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алуугу шектүү адамдар текшерилүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунда ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алуугу шектүү адамдар текшерилүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Областтагы СПИДге каршы күрөшүү борборунун кызматкрелери ал ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон адамдардын тобун текшерүүдө.

Маалым болгондой, бул топко секс кызматындагылар жана баңги заттарын колдонуучулар кирет. Ошондой эле, ВИЧ илдетин жуктурган аялдардын күйөөлөрү да текшерүүдөн өтүүдө.

Алар шилекейлери аркылуу текшерилүүдө.

Бул тууралу Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун баш дарыгери Элмира Сатарова билдиргендей, быйыл эки донордун канынан ВИЧ илдети аныкталып, алар иштетүүгө берилген эмес.

Мындан тышкары, СПИДге каршы күрөшүү кызматынан башка медициналык кызматкерлер арасында окуу-семинарлар уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×