Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.11.2014 15:00

Фото - Жалал-Абадда Б.Алыкуловдун 130 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бүгүн, 14-ноябрда акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракесине арналган «Барпы акындын дүйнө таануу ааламы» аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Конференциянын ишине КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Жалал-Абад шаардык мэриясынан, Сузак райондук акимчилигинен, ЖАМУнун профессордук окутуучулук жамааты, Ош шаарынан келген акын, жазуучу, окумуштуулар, аталган окуу жайдын стунденттери катышууда.

Ошондой эле, «Барпы» коомдук фондунун илимий жетекчиси, Барпы музейинин башчысы Амангелди Төрөканов, акын, КР жазуучулар союзунун мүчөсү Тазагүл Закирова баштага коноктор баяндама жасашты.

«Барпы» коомдук фонду тарабынан Б.Алыкуловдун эмгектерин коомчулукка жайылткан окумуштуу, акын, жазуучулурга сыйлыктар тапшырылып, стунденттер концерттик программа тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×