Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.11.2014 16:31

Тогуз айда 440 наристенин каза болушу бир орто мектептин окуучуларынын саны менен барабар, - ҮДБ директорунун орун басары Д.Боронбаева

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын өткөн 9 айында Жалал-Абад облусу боюнча 22823 ымыркай төрөлүп, мунун ичинен 440 наристелер каза болушкан. Бул тууралуу областтык үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары Динара Боронбаева бүгүн, 6-ноябрда саламаттыкты сактоо боюнча өткөрүлгөн координациялык кеңештин жыйынында баяндама жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, каза колгон балдардыничинен 209 ымыркай областтык төрөт үйүндө каза болушкан. Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылга салыштырмалуу өсүштү жаратып олтурат.

Ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнүн негизги себептери кош бойлуу энелердин дарыгерлерге кеч кайрылуулары, ымыркайлардын аз салмак менен төрөлүүлөрү, дем алуу органдарынын жабырланышы жана жугуштуу ооруулардын таасир этүүлөрү менен «тез жардам» унааларынын жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдөн болуп калууда.

«9 айдын ичинде 440 ымыркайлардын каза болушу бул өтө ойлонто турган тынчсыздандыруучу көрүнүш. 440 наристенин жарык дүйнө менен кош айтышы, бул бир орто мектептин окуучуларынын саны менен барабар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×