Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.10.2014 14:02

Жалал-Абад шаарында маданият майрамынын жүрүшүндө китеп, гезит-журналдардын көргөзмөсү уюштурулду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бүгүн, 31-октябрь күнү «Маданият кызматкерлеринин майрамы - мамлекетибиздин майрамы» деген чакырык алдында маданият кызматкерлеринин майрамынын жүрүшүндө китеп, гезит-журналдардын көргөзмөлөрү уюштурулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада музыкалык балдар мектептери, облустук театрдын өнөрпоздорунун чыгармалары тартууланды.

Маданият министрлигинин Жалал-Абад областындагы өкүлү Рахматулла Козукеевдин айтымында, маданият кызматкерлеринин майрамы жыл сайын чакан гана жерлерде белгиленчи эле, быйыл абдан жакшы болду, ачык асмандын алдында өтүп, бир топ мекеме уюмдар куттуктап келишти.

«Чындыгында маданият кызматкерлери катышпаган бир дагы иш-чара жок. Биз бүгүнкү салтанаттан кийин маданият кызматкерлерин көпчүлүгү сыйлаарын билдик, анткени куттуктап келгендер аябай көп болду. Мындан кийин дагы бул майрамды жакшы чоң салтанат менен өткөрөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×