Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.10.2014 13:02

Жалал-Абадда шаардын 137 жылдыгына карата өткөн «Биз жашаган дүйнө» фестивалынан фоторепортаж

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрынын алдында кечээ, 23-октябрда шаардын 137 жылдык маарекесине жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата «Биз жашаган дүйнө» аталышындагы фестиваль өткөрүлүп, активдүү катышкандарга баалуу белектер берилди.

Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Шермамат Шоруковдун айтымындп, бул иш-чара «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата БУУнун качкындар боюнча агенттигинин каржылоосу жана «Эл аралык толеранттуулук» фондунун, БУУнун Тынчтык куруу фондунун жардамы менен уюштурулду. Фестивалдын негизги максаты улуттар аралык ынтымакты чыңдоо болуп саналат.

Жалал-Абад шаарынын 137 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан фестивалга шаарда жашаган ар башка улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн кол өнөрчүлүгүн көргөзмөгө коюшту. Ар бир улуттун маданий борборлору тарабынан көрүүчүлөргө ыр-бийлер тартууланып, меткеп окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду.

«Фестиваль 18-октябрь күнү аймактык башкармалыктардын кичи футбол боюнча мелдеши менен башталган. Окуучулар арасында дил баяндар жазылып, шаардагы көркөм сүрөт мектебинде «Атам, апам жана мен» аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Мындан сырткары, «Ак-Бермет» балдар үйүнө жана облустук психоневрологиялык балдар үйүнө жардамдар көрсөтүлдү. БУУнун качкындар боюнча агенттиги 200 миң сом, шаардык мэрия 50 миң сом каражат бөлдү», - деп билдирди Ш.Шоруков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×