Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.10.2014 15:37

Фото - Жалал-Абад шаарындагы фестивалдын алкагында ар улуттун өкүлдөрүнүн кол өнөрчүлүгү боюнча көргөзмө болду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бүгүн, 23-октябрда «Биз жашаган дүйнөдө» фестивалынын алкагында ар улуттун өкүлдөрүнүн кол өнөрчүлүгү боюнча көргөзмөсү болуп өттү, деп билдирет шаардык мэриянынбасма сөз кызматы.

Элдик чыгармачылык көргөзмө менен устаттар масстер класс, улуттук каада-салтты чагылдырган түрдүу улуттардын өкүлдөрү өз маданиятынан көрсөттү.

Анда эң мыкты дээлген буюмдар улуттук кийим-кечектери, жер жемиштердин түрлөрүнөн жасалган «Алтын күз» көргөзмөсү болду.

Көргөзмөдө түрк, башкыр, татар, уйгур, немиц, өзбек жана кыргыз элдеринин буюмдары көрсөтүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча орун басары Шермамат Шоруковдун айтымында, фестивалда кыргыз улуттук кийимдер, тамак-аштар боюнча көргөзмөсү болду. Ошондой эле, спорт оюндун түрлөрү боюнча мелдеш жана концерттик программалар тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×