Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.10.2014 16:32

Жалал-Абадда ВИЧ/СПИД инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон адамдардын тобу текшерилүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунда ВИЧ/СПИД инфекциясын жуктуруп алгандыгы ыктымал жаранадарды текшерүү улантылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, СПИДке каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери арасында аталган ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон адамдардын тобун башкача айтканда секс кызматындагылар жана баңги затын колдонгондорду текшерүүдө. Алар шилекейлери аркылуу текшерилүүдө.
Мындан тышкары, ВИЧ илдетин жуктурган аялдардын күйөөлөрү да
текшерилүүдө.

«Быйыл эки донордун канынан да ВИЧ илдети аныкталды, бирок ал эки донорлордон алынган кан иштетүүгө берилген жок. Спидге
каршы күрөшүү кызматынан башка медициналык кызматкерлер арасында
окуу-семинарлар уюштурулду», - деп билдирди Элмира Сатарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×