Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.10.2014 12:02

Жалал-Абад шаарындагы жүрөк кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда операция учурунда 21 мүнөткө электр жарыгы өчтү

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы жүрөк кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда авариялык себептерге байланыштуу 21 мүнөткө электр жарыгы өчтү. Бул тууралуу «Жалалабатэлектр» ААКтын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу авариялык абалда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, кайра эле «Жалал-Абад электр тармактар» ишканасы тарабынан 21 мүнөт убакта оңдолуп, күйгүзүлдү.

Аталган борбор электр энергиясын «Жалал-Абад электр тармактар» ишканасынын балансында турган трансформатордон калк менен кошо алышат. Ошондуктан бул борбор керектөөчүлөрдүн 1-категориясынын талаптарына туура келбейт.

«Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында жана ага чейин бир нече жолу аталган борборго «Жалал-Абад электр тармактар» ишканасы тарабынан алдын ала кат аркылуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн 1-категориянын талаптарына ылайык чараларды аткаруу жөнүндө билдирүү берилген. Тактап айтканда, жеке трансформатор орнотуу жана альтернативдик электр энергиясын иштеп чыгуу, дизель генераторун коюу боюнча айтылган».

Катта билдирилгендей, кандайдыр бир авариялык өчүрүү болуп борбордун ишине терс таасирин тийгизсе, ага «Жалал-Абад электр тармактар» ишканасы жооптуу эмес», - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаарындагы жүрөк кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборун кызматкерлеринин айтымында, электр энергиясынын бул жолку үзгүлтүккө учурашы операция учурунда биринчи жолу узак убакытка чейин өчүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×