Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.09.2014 16:01

Жалал-Абаддагы бала бакчалар жана мектептер үчүн көмүр жеткирүү иштери 60%га аткарылды

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы бала бакчалар жана мектептер үчүн көмүр жеткирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мамлекттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жектечиси Гүлзат Азирова билдирди.

Анын айтымында, облуста 469 мектеп жана 202 бала бакча бар.

Аларга 26-сентябрга карата 7576 тонна көмүр же кыш убактысына керектүү көмүрдүн 60%ы алынды. Бала бакча жана мектептерге көмүр түшүрүү үчүн республикалык бюджеттен 12 миллион 961 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 12 миллион 431 миң сом бөлүнгөн. Көмүр жеткирүү иштери уланууда.

Облустагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 70% көмүр жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×