Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.09.2014 13:49

Жалал-Абадда жасалма акциздик марка тагылган 282 миң 540 сомдук 3324 ичимдик бөтөлкөсү аныкталды

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз жана лиценциясыз алкоголдук ичимдиктерди сатуу фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде жасалма акциздик марка тагылган 282 миң 540 сомдук 3324 ичимдик бөтөлкөсүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүдө «Компания Сатке» ЖЧКсына тиешелүү кампадан «Винград» ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн жасалма акциздик марка тагылган 3324 шарап бөтөлкөсүн аныкташты.

Маалым болгондой, салык текшерүүсүнүн материалдары Экономикалык кылмыштулуук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×