Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.09.2014 14:34

Жалал-Абадда тил мыйзамынын 25 жылдыгына арналган ар кыл улуттардын өкүлдөрү катышкан тегерек стол өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы «Мөлмөл» ресторанынын жыйындар залында мамлекеттик тил мыйзамынын 25 жылдыгына арналган «Кыргыз тили - мамлекеттик тил катары Кыргызстандагы бардык улуттардын бири-бири менен баарлашуу тили» деген аталышта тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек столго катышкан ар кыл улуттардын өкүлдөрү бул маселеге карата өздөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын ачык ортого салышты.

«Кыргыз тили—Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын башын бириктирген мамлекеттик тил экендигин эч ким танбайт. Өзбек улутунун өкүлү катары ачыгын айтайын, окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн орто мектептерде кыргыз тилиндеги окуу куралдары жана көркөм адабий китептер өтө жетишсиз. Бул маселеде билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өкмөткө сунуштар айтылып, кошумча каражаттар бөлүнүшү зарыл. Менин үй-бүлөм—интернационалдуу үй-бүлө, чоң келиним кыргыз кызы, кичүү келиним тажик кызы. Неберелерим мамлекеттик тилде—кыргыз тилинде адабий эрежеде эркин сүйлөбөсө дагы турмуштук деңгээлде өз ойлорун кыргыз тилинде ачык жана эркин билдиришет», - деп билдирди өз оюн «Давр» өзбек маданий борборунун жетекчиси Сабыржан Мамазаитов.

«Жыл башында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынан мамлекеттик тил мыйзамын турмушка ашыруу боюнча 2014-жылдагы иш чараларга шаардык бюджеттен 250 миң сомдук долбоорду сунуш кылсам, алар болгону 90 миң сом гана каражат бөлүштү. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаттары тил мыйзамын ишке ашырууга 500 миң сом каражат бөлүшкөн»,- деди Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү, Жалал-Абад шаардык мэриясынын тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиева.

Тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына арналган тегерек столго Кыргызстан элдеринин ассемблеясынын мүчөсү Сабыржан Мадаминов, ЖАМУнун ага окутуучусу Гүлбайра Ашымбаева, «Аймак» эркин газетасынын башкы редактору Орозалы Карасартов катышып, учурда мамлекеттик тил мыйзамынын күңгөй-тескей маселелери боюнча өз сунуштарын ортого салышты.

Мамлекеттик тил мыйзамынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулаган ар кыл улуттардын өкүлдөрү катышкан тегерек столдун катышуучулары жыйындын соңунда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алышып, аны тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө жолдоо сунушун бир добуштан кабыл алышты.

19

21

20

22

23

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×