Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.09.2014 08:15

Кара-Көл шаарындагы от казандардын учурдагы абалы канааттандырбайт, - министр О.Артыкбаев

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы борборлоштурулган жылуулук түйүнүнө туташтырылган от казандардын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес. Бул тууралуу кечээ, 23-сентябрда Энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев Жалал-Абадга болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы борборлоштурулган жылуулук түйүнүнө 4 от казан туташтырылган.

«Жалал-Абад электр» ААКтын басма сөз кызматы билдиргендей, министр тиешелүү жетекчилер менен жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө жолдун абалы, оорукана, мектептердин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары талкууланды.

«Өкмөттүн №525 токтомунун негизинде электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында кафе-ресторан, мончо жана үч фазалуу электр энергиясын колдонгон абоненттерге карата чара көрүүнү тездетүү керек», - деди О.Артыкбаев.

Аны менен катар, шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчилиги өз кезегинде бул жаатта иштер аткарылып жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×