Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.09.2014 11:50

Жалал-Абад шаарында мамлекеттил тил күнүнө карата студенттер жана окуучулар параддан өтүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнүн 25 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында «Эне тил эл тарыхын баяндаган, эне тилсиз тарых кучак жая албаган» аталышында сахналаштырылган иш-чара өтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, алгач ЖОЖдордун студенттери, мектеп окуучулары параддан өтүштү. Мамлекеттик тил күнүнө арналганиш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нышанов, Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктүн башкы адиси Асел Сансызбаева баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Шаар мэри Салайдин Авазов кыргыз элинин тилинин тарыхына токтолуп, калкты мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында тилди сүйүүгө, урматтоого багытталган ырлар жаңырып, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды.

7

8

9

26

25

24

21

23

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×