Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.09.2014 13:45

Жалал-Абадда 342 абонент 3 фазалуу киргизүүдөн ыктыярдуу баш тартып, 1 фазага өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 342 абонент 3 фазалуу киргизүүдөн ыктыярдуу баш тартып, 1 фазалуу киргизүүгө өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жумагүл Эгамбердиева Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топ 3 фазалуу ар бир абонентке з фазанын баасы жана аны 1 фазага өткөрүүнүн баасы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 174 миң 923 тонна көмүр даярдалышы керек болсо, учурда 98 миң 534,8 тонна алынып келинип, план 51,2%га аткарылды. Анын ичинен билим берүү сектору боюнча 11 миң 552 тонна көмүр жеткирүү керек, башкача айтканда план 45%га аткарылды.

Ал эми, саламаттыкты сактоо боюнча 752 миң тонна көмүр жеткирилип, план 40%дан ашык аткарылды.

Маалым болгондой, көмүр менен камсыздоого жалпысынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 млн сом, республикалык бюджеттен 25 млн сомго жакын каражат каралса, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 25 млн 272 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 10 млн 803 миң сом бөлүндү.

Кошумчалай кетсек, Таш-Көмүр шаарында көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 1500 сом болсо, Чаткал жана Токтогулда 5000-6000 сомду түзөт.

Мындан тышкары, электр сымдары боюнча «Жалалабатэлектр» ААК тарабынан Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында кубаттуулукту топтоого 42,5 млн сом бөлүндү.

Белгилей кетсек, Майлуу-Суу шаарында 3 от казан мазутка өткөрүлсө, Жалал-Абадда учурда 8 от казан мазутка өтүүдө.

Ж Эгамбердиеванын айтымында, мазутту убагында жеткирүүдө көйгөй жаралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×