Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.09.2014 12:01

«Жалал-Абад Тазалык» мекемесине таштанды ташуучу эки унаа тапшырылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесине шаардык кеңештин депутаттары жана мэриянын атынан таштандылардан арылтуу максатында таштанды ташуучу 2 автоунааны аталга мекемеге тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Төлөн Бакиров, буга чейин таштанды үч күндө бир алынып турган болсо, эми шаар аймагындагы таштандылар күн сайын алынып турат, деп билдирди.

«Таштандылар атайын автоунаалар менен график боюнча үзгүлтүксүз алынууда. Турмуш-тиричилик калдыктарына акы төлөөдөн баш тарткан абоненттер менен мекеменин юристи тыгыз иш алып барууда», - дейт Т.Бакиров.

Белгилей кетчү нерсе, «Тазалык» муниципалдык мекемеси өткөн жылга салыштырмалуу быйыл абоненттердин санын көбөйтүп, таштандыларды 363 миң 269 сомго көбүрөөк жыйнап чыгарышкан.

Мекеменин жетекчиси Төлөн Бакировдун айтымында, 2013-жылга салыштырмалуу таштандыга болгон төлөмдүн баасы жогорулады. Мурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына 12 сом 60 тыйын болгон болсо, азыр төлөм киши башына 20 сомго чейин жогорулаган. Ал эми жер үйлөрдүн жашоочуларына 15 сом 20 тыйын болгон болсо, азыр 23 сомго көтөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, быйылкы жылы шаар аймагына 120 таштанды таштоочу урна орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×