Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.09.2014 11:54

Жалал-Абад шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн 12 кызматкер сыйланды

Turmush -  КР Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана кесибинде жетишкен ийгиликтери үчүн 12 кызматкер Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык депутаттар кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, ошондой эле, аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин 2 төрагасы сыйланды.

Сыйлыктар Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппараттык жыйынында тапшырылды жана сыйлык ээлерине жакшы каало-тилектер айтылды, деди шаардык мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×