Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.09.2014 11:18

«Жалал-Абадсууканал» муниципалдык ишканасынын балансына «КамАЗ КО-505А» жана «ЗИЛ КО-502D» унаалары берилди

Turmush -  «Жалал-Абадсууканал» муниципалдык ишканасынын балансына «КамАЗ КО-505А» (мамномери 2806 DA) жана «ЗИЛ КО-502D» (мамномер 2807 DA) унаалары берилди. Тиешелүү чечим шаардык кеңештин депутаттарынын үстүбүздөгү жылдын 19-августундагы кезексиз сессиясында кабыл алынган.

Маалым болгондой, буга чейин аталган унаалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын колдоосу менен ишке ашырылган «Шаарды суу менен камсыздоону жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун балансында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×