Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.07.2014 14:33

Жалал-Абадда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору М.Мияновго ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы берилди

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын аткаруу комитетинин кеңешмесинде бүгүн, 23-июлда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору М.Мияновго ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүн алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, бул тапшырма менен бирге төрөөчү энелерди убагында каттоого алуу жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды көзөмөлдөөдө үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун клиникалык жетекчилеринин аймактык башкаруулардагы кварталдык комитет, кондомиумдар менен тыгыз иш алып баруусун жолго коюу керектиги айтылды.

Ошондой эле, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторундагы дарыгерлердин кызматтык этикасын сактоосун көзөмөлдөө, оорулууларга карата кичи пейил мамиледе болуусун талап кылуу, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн үй- бүлөлүк дарыгерлер топторунун шарттарын жакшыртуу максатында клиникалык жетекчилердин инвестиция тартуунун үстүнөн иш алып баруусун күчөтүүсүн көзөмөлдөө жагы милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×