Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.07.2014 12:27

Жалал-Абадда коомдо орду жоголгон инсандын образын чагылдырган «Үч каракчы» спектакли коюлат

Turmush -  Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрында эртең, 4-июлда саат 14:00дө «Үч каракчы» аталышындагы спектакль коюлмакчы. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Театрдын башкы режиссеру Назгүл Мырзаканованын айтымында, спектаклден азыркы турмуштан алынган эпизоддорду көрүүгө болот.

«Коомдогу ар бир инсан өз тагдырын өз ү түзөөрү баяндалат. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк баалуулуктун, адамдардын укугу тебеленип, коомдогу инсандын ордунун жоголгондугу туурасында көрсөтүлөт. Дагы бир айта кетчүү нерсе, азыркы учурда жаңы типтердин пайда болгондугу, бул типтер байлык жана бийлик үчүн эч кимди, эч нерсени аяп койбостугу спектаклдеги Кайнактын образы аркылуу кеңири баяндалат», - дейт Н.Мырзаканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×